Бүгүн, 6-декабрга карата COVID-19 жана пневмония илдети дагы 34 адамдан аныкталды. Акыркы суткада Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарында ооруну жуктургандар катталбаганын республикалык ыкчам штабдан маалымдашты.
Бишкек шаары - 26;
Ош шаары - 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Баткен облусу - 2.
Пандемия башталгандан тарта өлкөдө жалпы 183 миң 649 адам илдеттен жабыркады.
Ал эми бир сутка ичинде 49 адам айыгып чыкты. Республика боюнча ооруну жеңгендердин саны жалпы 178 миң 651 болду.