Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында Англиянын "Ливерпуль" командасы менен Испаниянын "Атлетико Мадрид" командасынын жооптук оюнунан Англияда коронавирустан 41 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Ливерпуль шаарындагы "Энфилд" стадионунда өткөн бул жооптук оюнга 52 миңге жакын адам келген. Бул оюндан кийин Ливерпуль шаарындагы ооруканаларда коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын өсүшү байкалган жана 25-35 күн өткөндөн кийин 41 адам каза болгон. Изилдөөчүлөр каза болгон адамдар стадиондо болгондор жана алар менен байланышкан жакын адамдары экенин тастыкташкан.
Эске салсак, бул жооптук оюн 2:3 эсебинде испаниялык клубдун жеңиши менен аяктаган.