Мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, калкка ыңгайлуулук түзүү үчүн мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы, калкты тейлөө борборлору график боюнча иштейт:
Дүйшөмбү-жума – саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
Кичи калкты тейлөө борборлору - шейшемби-жекшемби күндөрү - саат 10:00дөн 19:00гө чейин.
“Унаа” мамлекеттик ишканасы - дүйшөмбү-жума күндөрү - саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы улуу курактагы кызматкерлерге өргүү күндөрүн берүүнү пландап жатышат.
Ар бир мекемеде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
22-марттан тартып республикада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.