Нарында катуу шамал дүкөндөрдүн, маданият үйүнүн чатырларын учуруп кетти

Нарын облусунда катуу шамал болуп, дүкөн жана маданият үйүнүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Нарын облусу Ак-Талаа районунда 25-май күнү саат 19:30 чамасында Терек, Баетов, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк, Үгүт айылдарында ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кечек саткан "Манас", азык-түлүк саткан "Алинур" жана "Минутка" ашканасынын чатырларын учуруп кеткен.

Ат-Башы районунда 25-май күнү саат 18:00 чамасында Ат-Башы районун аймагында ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатырын, ошондой эле Жаркынбаев №103 дарегинде жайгашкан сарайдын 72 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. 26-май күнү кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан