Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарындагы блокпосттордун биринде нөөмөттө туруп каза тапкан полиция кызматкерлеринин элесине арнап, эрдик медалын ыйгарды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.
Маалым болгондой, 25-майда мас абалдагы айдоочу шаардагы блокпосттордун биринин бетон тосмосун сүзүп, андан ары полиция кызматкерлеринин токтоп турган унаасы менен кагышкан. Натыйжада салондо отурган 42 жаштагы полиция кызматкери "Тез жардам" кызматы келгиче алган жарааттарынан улам каза тапкан. Экинчиси өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес. Дагы бир полиция кызматкери учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткени маалым болгон.