Соңку сутка аралыгында COVID-19 жана пневмония илдетинен 82 адам жабыркап жатканы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына караганда, бир суткада Ош облусунда ооругандар катталган жок.
Бишкек - 40;
Чүй облусу – 19;
Талас облусу - 3;
Нарын облусу - 5;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу - 2.
Муну менен ооругандардын жалпы саны республика боюнча 177 миң 308ге жетти.
Ал эми бир сутка ичинде 127 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Муну менен өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн бери жалпы 171 миң 650 жаран сакайды.