Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев мурда прокурор болуп иштеген Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү талап кылган. Бул маалыматты Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев SUPER.KG порталына тастыктады.
"Бул тууралуу доо арыз Ленин райондук сотуна берилген. Бүгүн саат 11:00дө сот отуруму өттү. Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактагы видеокайрылуусунда Кубанычбек Жумалиевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирип сүйлөгөндүгү үчүн, андан моралдык компенсация талап кылууга укуктуубуз. Сыймык Жапыкеев "Кыргыз өлкөсүн чөгөлөткөн" , "коррупционер" деген сыяктуу сөздөрү менен жеке адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн аброюна шек келтирген", - дейт жактоочу.
Буга чейин Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталганы тууралуу маалымдалган.