Нидерландынын премьер-министри өзү киргизген режимден улам өлүм алдында жаткан апасын көрө алган эмес

Нидерландынын премьер-министри Марк Рютте өзү киргизген чектөөдөн улам өз энесин өлөр алдында көрө алган эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Өлкөнүн премьер-министри коронавирус пандемиясынан улам карылар үйүнө барууга тыюу салган. Рюттенин апасы 96 жаштагы Мике Рютте-Диллинг да өмүрүнүн акыркы күндөрүн Гаага шаарындагы карылар үйүнүн биринде өткөрүп, 13-майда көз жумган. "Рютте апасы менен коштошо алдыбы?" деген коомчулукта жаралган суроого премьердин өкүлү "премьер-министр бардык эрежелерди сактады" деп билдирген.

Маалыматка ылайык, Мике Рютте-Диллинг күн кечирген карылар үйүндө коронавирус катталган, бирок ал инфекциядан каза болгон эмес. Премьер чоң жоготууга дуушар болгону менен апасынын улгайган убакка чейин алар менен болгонуна ыраазычылык билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-05-26 21:05:27
Буларга баарибир карылар үйүнө алып барбай үйүндө каратса болотко сиделка жалдап өзү карай албаса.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан