Өзбекстанда жалпы 2 миң 46 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, айыккандардын эң көп саны Фергана аймагында катталган. Азыркы тапта облуста ооруканада дарыланып жаткан 1 бейтап гана калды.
Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 миң 568, илдеттен 10 адам көз жумган.