Япония коронавирустун кесепетинен улам калкты колдоо программасын ишке киргизди жана жарандарына акча тарата баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Япониянын ар бир жараны 100 миң иена (болжол менен 68 миң 820 сом) өлчөмүндө каражат алат. Бул каражаттарды өлкөнүн 1 миң 388 муниципалитеттеринде таратуу иштери башталды. Ар бир жаранына каражат бөлүү үчүн бюджеттен 25 триллион 600 миллиард иена (болжол менен 17 триллион 727 миллиард 600 миллион сом) бөлүнгөн. Мындай чечим экономиканы колдоо максатында апрель айынын аягында бекитилген.
Япония пандемия учурунда калкка акча каражатын тараткан жалгыз өлкө эмес. Испания дагы жакынкы күндөрү сөзсүз түрдө негизги кирешени киргизүүнү жана калкка акча бөлүштүрүүнү баштоону пландап жатат.