Өзбекстанда коронавирустан дарылоого өздөрү өндүрүп чыккан дары колдонулат

Өзбекстанда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоого өздөрү өндүрүп чыккан дары колдонулат. Лабораториялык изилдөөдөн өткөн Рутан дарысы Өзбек-Кытай медициналык технопаркында иштелип чыкканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Рутан каражаты буга чейин сасык тумоо илдетине каршы күрөшүү үчүн Өзбекстандын Илимдер академиясынын биоорганикалык химия институту тарабынан чыгарылган. Кытайлык дарыгерлер аталган каражатка эксперимент жүргүзүшүп, жыйынтыгында Рутан дарысы коронавирус илдетин 78 пайызга төмөндөтөрүн белгилешкен.

Сөз болуп жаткан дары буга чейин Иран мамлекетине гуманитардык жардам катары жөнөтүлүп, лабораториялык изилдөөдө ийгиликтүү болуп чыккан.

Өзбек-Кытай медициналык технопаркында фармацевтикалык завод иштеп, анда дары каражаттарынын 8 түрү өндүрүлөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bayern-munchen
2020-06-12 08:24:28
озбектер кыйын
-1
Aybiyke
2020-06-12 08:44:03
Ата мекени жок озбекстанда эне мекени бар
+3
Bars88
2020-06-12 09:23:03
Кече биздин чондор озбекстан Россия налог салып атат биз дагы салабыз деп атаандашып атты эле.Ана эми озбекстан дары чыгарып атыптыр машина чыгарып атышат чыгаргыла силер дагы
+2
Merch
2020-06-12 09:51:18
Ана Ватандык десеңер...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан