Учурда Кыргыз өлкөсү боюнча жалгыз Талас облусунда коронавирус инфекциясы катталбай "таза" бойдон калууда. Бул боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев: "Облуста чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор деле болгон. Бирок көпчүлүгү Бишкек шаарында болуп, оорулууларды убагында аныктап, алар менен байланышта болгондорду убагында обсервацияга алганга жетишип калдык. Экинчиден, аталган облуста көзөмөл катуу жүргүзүлдү. Облустук штаб өзүнүн ишин жакшы аткарып жатат", - деп билдирген.
SUPER.KG порталы Талас облусунда көзөмөл кандай жүрүп жаткандыгына күбө болуп, жеринен алынган фоторепортажды сунуштайт.
Таласка баратканда алгач Өтмөк ашуусунан түшкөндө Талды-Булак айылында блокпост орнотулган.
- Саламатсыздарбы? Учурда канча киши көзөмөлдө туруп жатасыздар?
- Саламатчылык. Бир нөөмөттө 2 МАИ кызматкери, 2 укук коргоочу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 кызматкер турабыз. Мен марттан бери ушул жердемин. Үйгө кээде эле барбасак, негизинен бул жактабыз. Таласка каттоосу барларды гана киргизип жатабыз. Азык-түлүк, күйүүчү май ташыгандарды каттоосуна карап, документтерин тыкыр текшерип, анан өткөрөбүз.
- "Таласта эмне үчүн коронавирус аныктала элек?" деген суроо элде көп болуп жатат. Бул боюнча сиздин пикириңиз?
- Биз бул жакка келгендерди тыкыр көзөмөлдөп, тест алып жатабыз. Колубуздан келишинче күн-түн дебей текшерип, эгер тест коронавирус бар деп көрсөтсө, дароо обсервацияга жөнөтөбүз. Ал эми экинчи тестти ошол жактан тапшырышат.
Мен жалпы жарандарга кайрылат элем, зарыл жумушуңуздар болбосо, жолго чыкпай эле коюңуздар. Бул өзүңүздүн да, элдин да коопсуздугу үчүн маанилүү!
- Маегиңизге рахмат!
Ал эми Талас райондук ооруларды алдын алуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгер-паразитологу Айнура Курманбаева Талды-Булак айылынан тышкары Казакстан аркылуу
Таласка кирген Чоң-Капка айылындагы көзөмөл жайында да нөөмөттө турарын айтат.
Айнура Курманбаевадан кандай шартта иштеп жаткандыгы, өкмөт тарабынан айтылган кошумча айлыкты алып жатышабы-жокпу, ошол тууралуу сурадык.
- Айнура айым, көзөмөл жайынан жарандардын тести коронавирус бар деп көрсөтүп калса, кандай иш жүргүзүп жатасыздар?
- Туура, жарандардын экспресс-тести коронавируска күмөн жараткан учурлар болду. Аларды кайсы райондун тургуну болсо, ошол жактагы үй-бүлөлүк борборунун дарыгерлерине чалабыз. "Тез жардам" кызматы менен фельдшерлер жеткирип барышат. Алар тосуп алышат. Ал жагы уюштурулган. Кээде майлуу тамак жеп алса да экспресс-тесттен оң жыйынтык чыгара берет.
- Сиз Чоң-Капка көзөмөл жайында да нөөмөттө турат экенсиз. Ал жакка тосмолор качан орнотулган?
- Коронавирус Кыргыз өлкөсүнө келе электе, 26-январда вирустун алдын алуу үчүн Чоң-Капканы тосуп, обсервация уюштурулган. Биз вирустун алдын алып, тыкыр көзөмөл кылып жаткандыгыбыз үчүн коронавирус бизден чыкпай жатат деп ойлойм.
- Өкмөт коронавирус менен күрөшүп жаткан тиешелүү кызматкерлер кошумча айлык алды деп маалымат берди. Сиздер алдыңыздарбы?
- Биз Чоң-Капкада турганда суткага чыкканыбыз үчүн, анан жол киреге берип жатышты. Январь-февраль айында ошентип иштедик. Март айында Чоң-Капкада турганыбыз үчүн ала элекпиз. Бул жактагыбызды беришти.
- Үйүңүзгө барганда кооптонуу болобу?
- Албетте, кооптонуу болот. Өзүбүздү, балдарыбызды коркунучка кептебеш үчүн колдон келишинче коопсуздук чараларын аткарып жатабыз.