Хабиб Нурмагомедов коронавируска карата тест тапшыруудан баш тартты

UFC уюмунун чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов атасы Абдулманап Нурмагомедовдон коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин Москва шаарында коронавируска карата тест тапшыруудан баш тартты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер Хабибге толук текшерүүдөн өтүп, коронавируска карата тест тапшырууну айтышкан. Мушкер бул сунушту четке кагып, дарыгерлерден атасына көңүл бурууну суранган.

Абдулманап Нурмагомедов учурда Москва шаарындагы ооруканалардын биринде абалы оор болуп, комада жатат. Буга чейин мушкер атасынын жүрөгүнө операция жасалгандыгын айткан. Ошол эле учурда Орусия президенти Владимир Путин мушкердин атасынын дарылануусу мыкты деңгээлде болорун убада кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан