Акыркы суткада 1 миң 568 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республикалык штабдан кабарлашкандай, алар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 1087;
Ош шаары – 46;
Чүй облусу – 148;
Ош облусу – 67;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 47;
Жалал-Абад облусу – 74;
Баткен облусу – 88.
Өлкө боюнча коронавирусту жеңгендердин саны жалпы 136 миң 700гө жетти.