Жалал-Абад шаарынын 43 жаштагы октон жаракат алган тургуну Сапар Акановдун азыркы тапта абалы орточо туруктуу деп бааланууда.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Гүлбарчын Рахманова SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, анын абалы учурда канааттандырарлык, туруктуу.
"Биздин облустук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан бейтап алты жеринен жаракат алган. Бирок ал ок тийгенине карабай абалы жакшы эле, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирди Рахманова.
Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасын атып кетишкени тууралуу маалымдалган.