Бүгүн, 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында Кыргыз өлкөсүнүн валюта рыногундагы абалы туруктуу экени белгиленди.
"Бүгүнкү күндө Улуттук банктын резервдери 2 жарым миллиард долларды түзөт. Бул аябай жакшы көрсөткүч. Бул көрсөткүч биздин өлкөбүздүн импортун 5 ай 2 аптага камсыздоо үчүн жетиштүү. Финансы системибиз дагы стабилдүү түрдө иштеп жатат. Үч айга берилген насыялык каникулдун негизинде 65 миллиард 200 миллионго жакын насыя трансформациядан өттү. Улуттук банк күн сайын тышкы, ички базарларды мониторинг жасап жатат", - деди төрага Абдыгулов.