Коронавирус пандемиясынан улам 9-майдан 24-июнга жылдырылган Москва шаарында өтүүчү Жеңиш парадына КМШ өлкөлөрүнүн башчыларын чакыруу пландалууда. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.
"Орусия КМШ өлкөлөрүнүн башчыларын Москвада өтүүчү Жеңиш парадына катышууга чакырууну пландоодо", - деген Песков.
Буга чейин бул Жеңиш парадына Казакстан жана Молдова президенттери катышары белгилүү болгон.