Бишкекке Орусиядан кезектеги гуманитардык жүк жеткирилди

Бүгүн, 26-июлда Орусиядан гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкөгө төмөнкүлөр келди:

- 5 рентген аппараты;
- 65 оксометрикалык билдиргич менен анестезиология жана интенсивдүү терапия үчүн монитор;
- 5 оксометрикалык билдиргичи жок анестезиология жана интенсивдүү терапия үчүн монитор;
- 31 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат;
- 49 миң 350 даана оноксапарин натрий;
- 550 даана олокизумаб.

Мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин Орусия ПЦР-тесттерди, коронавирустук инфекцияны аныктоо үчүн реагенттер, медициналык жабдуулар (инфракызыл термометрлер, термикалык детекторлор), жеке коргонуу шаймандарды акысыз берген. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык жардамдын алкагында 4 миллион 900 миң сомго бет каптар, ар кандай модификациядагы коргоочу костюмдар, RCB коргоо шаймандары, метеорологиялык шаймандар алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Timurlan2017
2020-07-26 15:44:07
Россия стабилдуу оноктошубуз, рахмат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан