АКШнын Висконсин штатынын коронавирус жуктуруп алган жашоочулары, жубайлар бир күндө көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Уилфорд Кеплер 1926-жылы жарык дүйнөгө келген жана өзүнүн өмүрлүк жубайы менен бир мектепте окуган. Алар баш кошуп, 73 жыл бирге жашашкан.
8-апрель күнү медициналык кызматкерлер Кеплердин жубайы Мэриден коронавирус аныкташкан. Көп өтпөй жубайларды ооруканага жаткырышкан. 18-апрелде Кеплер оорудан көз жумган, арадан 6 саат өтпөй Мэри дагы жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Буга чейин 51 жыл бирге өмүр сүргөн түгөйлөр 6 мүнөт айырмачылык менен коронавирустан көз жумушкан.