Бүгүн, 27-майда социалдык тармакка видеосу тараган эркек кишиге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"27-май күнү саат 16:15 чамасында Биринчи Май РИИБине Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде кебетеси азиялык болгон белгисиз адам коомдук жайда муктаждыгын жеңилдетип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 119-берене (майда бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн социалдык тармакка Бишкектин чок ортосундагы "Эркиндик" бульварында эркек кишинин заңдаган видеосу тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынган.