Футбол боюнча Англия чемпиондугу 17-июнда башталат

Футбол боюнча дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү чемпиондуктардын бири болгон Англия Премьер-Лигасы (АПЛ) 17-июнда башталат. Бул тууралуу АПЛдин расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, 17-июнда "Манчестер Сити" - "Арсенал" жана "Астон Вилла" - "Шеффилд Юнайтед" оюндары өтөт. Оюндардын бардыгы көрүүчүлөрсүз жана коопсуздуктун бардык талаптарын эске алуу менен өткөрүлөт.

Учурда бул чемпиондукта 82 упайы менен "Ливерпуль" командасы биринчи орунда келе жатат. 57 упайы менен "Манчестер Сити" командасы экинчи орунда келе жатса, 53 упайы менен "Лестер" командасы үчүнчү орунда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz40
2020-05-29 22:52:27
Оох кандай сонун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан