Бүгүн, 30-июнь саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча акыркы маалыматтар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев тааныштырды.
Ага ылайык, сутка ичинде 279 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бейтапканалардан 76 жаран ооруну жеңип чыкты деп үйлөрүнө чыгарылган. Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирустан 7 бейтап өлүмгө дуушар болгон.