"Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду - иним Райымбек Матраимовдун колдоосу менен коронавирустун кесепетин жоюуга гуманитардык жардам көрсөтүп баштады" деп бүгүн, 21-мартта депутат Искендер Матраимов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагына келген коронавирустун кесепетин жоюуга "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду гуманитардык көмөк көрсөтүп баштады. Алар азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттер.
"Бүгүндөн баштап 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган региондорго таратыла баштады. Коронавирусту 15 мүнөттүн ичинде аныктай турган 20 миң даана экспресс-тесттерди алдырып жатабыз, ал 5 күндө өлкөгө келет.
Ата мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан даярдалган бет каптарды 5 миллион сом өлчөмүндө сатып алууга даяр. Сатып алынган бет каптар ыктыярчылардын жардамы менен республиканын бардык аймактарында элге акысыз таратылат. Учурдан пайдаланып жергиликтүү бет кап тиккен цехтерди фонддун өкүлдөрүнө байланышууга чакырабыз.
Чет өлкөдөн 10 даана портативдик жасалма дем алдыруучу жабдыгын алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Фонд биринчи кезекте гуманитардык жардамды - коронавирус илдети катталган аймактарга багыттайт. Андан соӊ ыктыярчылар Кыргыз мамлекетинин башка аймактарына таратышат. Жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана илдетти аныктоочу экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.
Мындай кыйынчылыкты ынтымак жана сабыр менен гана жеңебиз. Элибизде тынчтык болсун, башка түшкөн оорчулуктан жеңил өтүп кетели деген тилегибизди билдиребиз!
Жергиликтүү бет каптарды тиккен өндүрүшчүлөрдү 0703909600 телефону аркылуу байланышка чыгуусун өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.