“Кеңеш” тобу “Аярым” аттуу ырына клип тарттырды. Ырдын сөзү Ташкент кызы Гүлгө, обону Мүзүр Мамбетовго таандык. “Клип эки күндүн ичинде тартылып даяр болду. Аны Бишкек шаарында, өзүбүздүн үйүбүздө эле тарттык”,- дейт ырчы Мүзүр Мамбетов. Клиптин идеясы клипмейкер Мырза Айдаралиевге таандык экенин кошумчалады ал.