"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 364 миңден ашты

30-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 923 миң 55ке жетти. Анын арасынан 2 миллион 493 миң 434 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 364 миң 849 адам көз жумду.

АКШда 1 миллион 745 миң 930 адам катталды. Андан 391 миң 508 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 102 миң 808 адам оорудан каза болду.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 465 миң 166 адам илдетти жуктурган. Оорудан 189 миң 476 адам айыкса, каза болгондордун саны 27 миң 878ге жетти.

Орусияда 387 миң 623 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 159 миң 257 бейтап сакайып, 4 миң 638 адам дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aybiyke
2020-05-30 09:35:54
Дуйнодо 364мин болсо АКШда 406минби.Депутаттардын туугандарынан окшойсун
+1
zidanjon1
2020-05-30 09:54:55
Тура жазсанар супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан