Комендант: "Коронавирус жуктурганын ачык айтпай, жашынып отургандардын кадамы мамлекетке чыккынчылык кылганга барабар"

Бүгүн, 21-апрелде Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев облустагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын өткөрдү. Анда облус аймагындагы акыркы абал боюнча маалымат берилип, өкмөт өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп беришти.

Онлайн жыйын учурунда жаран комендантка "Вирус жуктурган жарандардын дарегин так айтып койсоңуздар, бул баары үчүн жакшы болмок. Анткени толук маалымат билсек, сактанат элек" деп суроо салды.

"Туура суроо, бирок медицинанын алгоритми боюнча вирус жуктурган жарандардын аты-жөнү толук айтылбайт. Бирок бул кырдаалды өз алдыбызча көзөмөлгө алганбыз. Коронавирус экенин жашырган 3 адам кармалып, аныкталган. Алардын үй-бүлөсү, жашаган жери боюнча толук маалымат бар бизде.

Булардын кадамы үй-бүлө эле эмес, мамлекетке чыккынчылык кылганга барабар. Ошондуктан жеке турмуш тиричилик деп, талаа-түздөн келип, үйгө жашынып отуруп албаш керек. Тескерисинче бизге кайрылсаңыз жардам беребиз. Албетте, коронавирус жуктурган жарандардын дареги, аты-жөнү жалпыга айтылбаса дагы медицина кызматкерлери, комендатура билет, маалымат бар", - деди Нурдинов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан