Кечээ, 19-мартта ырчы Дайыр Исмадияров Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарындагы аэропортто 30дан ашуун Кыргыз жарандарын казак авиакомпаниясы коронавирус кырдаалына байланыштуу учакка киргизбей жатканын кабарлаган.
Ырчы бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына жалпысынан 120 Кыргыз жараны мейманканаларда күтүп жатышканын жана алардын айрымдары түнөк акысын өз эсебинен төлөшөт деп айткан.
Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигине байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Учурда Египеттен келе жаткан жарандарыбыздын өлкөгө кайтып келиши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Элчилик учурда Казакстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок COVID-19 коронавирусунун масштабдуу түрдө жайылып жатышына байланыштуу көптөгөн мамлекеттер чек ара көзөмөл-өткөрмө пунктарын жаап жатышат. Жарандарыбыздан абалды түшүнүү менен тынчтыкты сактоого чакырабыз. Министрлик тарабынан маселени оң жагынан чечүү үчүн бардык күч аракеттер жумшалууда", - дешти маалымат кызматынан.
Тышкы иштер министрлиги чет мамлекетте жүргөн жарандарыбыз үчүн оперативдүү штаб ачылганын эскертет
Штабдын байланыш телефондору:
Консулдук кызмат департаменти. Дареги: Бишкек ш, Тоголок Молдо көчөсү 10, кызматтык телефон (+996 312) 663 405, 660 811 (доб. 108, 109, 119, 129).
Түз байланыш телефондору: +996 551 312 000 (WhatsApp, Viber, Telegram социалдык тармактары аркылуу тексттик жана үн жазүү билдирүүлөрүн кабыл алат)