"Кыргыз өлкөсү тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады" деп финансы министри Бактыгүл Жээнбаева "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форум тууралуу пикирин айтып жатып билдирди.
Министр президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан тышкы карызды чечүүнүн 3 этабы сунушталганын эске салды.
Биринчи кезекте, тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп же кийинки жылдарга жылдыруу гана эмес, аларды терең реструктуризациялоо зарыл.
Экинчи этап - саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгуу.
Үчүнчү этап - экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу.
"Финансы министрлигинин алдында чоң милдеттер турат. Алар программаларды иштеп чыгып, карызды алмашуу жана тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча ишти баштоо", - дейт финансы министри.