Бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 52 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Штабдан билдиришкендей, стационарда 380 жана амбулатордук түрдө 392 адам дарыланып жатат.
Республика боюнча жалпы 178 602 бейтап коронавирус илдетинен сакайды.