Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык университетинин магистратурасынын биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болгон. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абылгазиев 1995-жылы магистратурага тапшырып, 1997-жылы аяктаган.
"Магистратура кечинде окутулчу, бакалавриаттагылар күндүз окушчу. Университеттин архивинде Абылгазиевдин контракт төлөгөнү боюнча документтер бар. Ошону менен катар эле аны 2-курска которуу боюнча буйрук жана рапорт бар. Магистрдик диссертациясынын темасын бекиткен документ дагы сакталган", - деп жазылат.
"Kyrgyz Club" бирикмесинин жетекчиси Айбек Хакимов социалдык тармактагы баракчасына Абылгазиев ал бүткөн жылы аталган окуу жайда ошол факультетте окуганын жазган. "Эл аралык университетинин экономика факультетинин биринчи студенттеринин бири болгом. Староста болгондуктан бардыгынын аттары эсимде. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес", - деп жазган.