Премьер-министр Эл аралык университетинде окубаганы айтылды. Бул боюнча өкмөттөн жооп беришти

"Kyrgyz Club" бирикмесинин жетекчиси Айбек Хакимов социалдык тармактагы баракчасына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тууралуу жазды.

"Премьер-министрдин өмүр баянын окуп, кызыктуу факты таап алдым. Анда Абылгазиев 1997-жылы Эл аралык университеттин экономика факультетин аяктаганы белгиленген экен. 1997-жылы университеттин биринчи бүтүрүүчүлөрү болгон. Мен аталган окуу жайдын экономика факультетинин биринчи студенттеринин бири болгом. Староста болгондуктан бардыгынын аттары эсимде. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес. Бир канча курсташтарымдан тактасам, алар дагы аны эстешкен жок. Сырттан окугандардын арасында дагы жок болчу. Абылгазиев Эл аралык университетинен дипломду кантип алган?", - деп Хакимов баракчасына жазып чыкты.

Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Хакимовдун маалыматын төгүндөдү. "Хакимов менен Абылгазиев Эл аралык университетин бир жылы аякташкан. Абылгазиев магистратурада окуса, Хакимов бакалаврда окуган. Окутуу ар кандай убакта, ар кайсы имаратта өткөн. Аталган университет тийиштүү толук маалымат берет деп ойлойм", - деп билдирди Султаналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан