Ырчы Малик Аликеевдин продюсери: "Малик жарым жылдан бери төшөктө жатат. Ага операция жасатуу керек"

Социалдык тармактарга "Мөлмөлүм" ырын катыра аткарган ырчы Малик Аликеевдин төшөктө жатып ырдаган видеосу тарады. Мындан улам колдонуучулар Аликеев көптөн бери төшөктө жатат деп жазышкан. SUPER.KG порталы Малик Аликеевдин продюсери Чынара Итигулова менен байланышып, ырчынын абалы тууралуу билди.

"Малик жарым жылдан ашты кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алган. Ал жерге темир коюш керек болуп жатат. Мурун Бишкекке келип көрүнүп кеткен болчу. 1-мартта кайра келип операциянын алдынан анализ тапшырса, жыйынтыгы жакшы чыкпай, кальций жетишсиз болуп жатат дешиптир. Кальций жетиштүү өлчөмгө көтөрүлсө, анан бекер жасап берем деп хирург Сабырбек Жумабеков өзү айткан экен.

Азыр абалы видеодогудай эле. Эртең менен бир, кечинде бир ооруну басаңдатуучу дары сайдырып, күн кечирип жатам дейт. Буюрса, жакын арада Таласка жол ачылса, Маликти Бишкекке алып келебиз деп жатабыз. Ал тура албайт да, жаткан абалда алып келиш керек болот.

Негизи эле Маликке жардам болсун, концерт уюштуруп берели десек, уят эмеспи деп болбой койгон. Мындан ары да абалын карап көрөбүз, буюрса, басып кетет деген үмүтүбүз чоң", - деп билдирди Итигулова.

Малик Аликеевдин төшөктө жатып ырдаган ыры тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
nurdan9230
2020-05-31 17:59:35
Аллахым шыпаасын берсин
+20
marat_1910
2020-05-31 18:02:16
айыгып кетсин тезиреек
+16
rysik79
2020-05-31 18:06:35
Малик байкебиз айыгып чуркап кетсин.
+16
Makain
2020-05-31 18:27:07
Эрте күндү кеч кылбай алып келе берда жол ачык эле
+15
Nur777
2020-05-31 20:24:45
Элден жардам алгандан уялбасын,ден-соолук керек!Бир кезде ошол элге ырдап,жакшы маанай тартуулаган,эми жардам берем деген элден,кайрымдуулук фондтон каражат катары жардамды алсын,атын унутуп калдым,белгилуу эле кыргыз актёр байке деле Турциядан боорун алмаштырды,дарыланып айыгып чыгып чыгармачылыгын улантып журот,бул байкеге да эсеп ачылсын атына,анын эч уяты жок...
+11
GUL2016
2020-06-01 07:34:39
Nur777,Туура айтасыз убагында жардам корсотуу керек.Кудай сактасын канча залкарлар убагында жардам ала албай калдыгоо...
+5
AdylbekB84
2020-05-31 20:50:52
Адам оорубас болсочу эх! Жапжаш адамдар ооруп төшөкө кадалып калганы зээнди кейитет, Аллахым шыпаасын берсин!
+10
dobrajelatel
2020-05-31 22:00:56
Жоолукчан аферисттерге Караганда ушул байкеге блогерлер каражат жыйнаса жакшы болмок. Чын журогумдон кейидим, шыпаа берсин Аллахым.
+11
Asel69
2020-05-31 22:24:15
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Тенирим жакшылыктарда гана колдосун.
-3
sumaika
2020-05-31 23:12:41
Asel69,Аллахым шыпаасын берсин.Суперди теңирчилер басып кеткенби ыяя!?
+4
Ernisbii
2020-06-01 15:11:24
sumaika,Кудай өзү кечирсин туура эмес жазсам,Теңир дагы Алла тааланын бир аты эмнеге эле бөлүнүп акылдуусунуп жаза бересиңер. Аллага ишенеби же Теңирге ишенеби эң башкысы адам бойдон калсак болду.
-1
Timurlan2017
2020-05-31 22:53:26
Малик байке чын журоктон каалайм айыгып кетиниз.
+6
Tymar
2020-06-01 00:01:05
Тенирим колдосо жакшы болуп кетесиз буюрса.
-7
aydinnur
2020-06-01 01:25:59
Малик замандашым кудайым колдоп айыгып кетиниз!Кантсе да ыйманы бар орто муундун ырчысы да,жардам сурагандан уялып..Эч уялыштын кереги жок,сиз жардам алууга татыктуусуз байкеси!
+4
tattusha
2020-06-01 12:01:51
Эмнеге жол ачылса деп жатат откоруш керек да операция жасаш керек болсо, башка областтарга отуп эле жатышат го
+3
Dushabolna
2020-06-01 12:17:24
Мен да жаткам тошокто. Ото жаман, абалыныз элестетип жатам. Жок дегенде кыйшык болсо да бассам экен дечу элем . Кудайга шугур азыр кыйшык эмес мурдагыдай соонун Ден соолугум. Сиз да басып кетесиз байке. Аллах шыпаа берсин!
+7
Birimdik5555
2020-06-01 15:28:36
Сонун ырдаптыр,ылайым Аллахым шыпаа берип айыгып кетиниз,кыргыздын улуттук кийимин кийип,комузун чертип талантынызды оркундотуп журо бериниз
+3
Dikowka93
2020-06-01 23:16:12
Аллахым сабыр берсин.. эртереек айыгып кетиниз кайрадан кыргыз элине сахнада ырдап журо бериниз...ээх унунузго береке
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан