Саламаттыкты сактоо министринин орун басары бүгүнкү абал тууралуу маалымат берди (видео, хронология)

Бүгүн, 1-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын өтүүдө.

2020-06-01 10:11:00

Министрдин айтымында, акыркы сутка ичинде 1 151 изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

2020-06-01 10:10:00

Өткөн сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 

Алар:
Бишкек шаарында – 4;
Ош шаарында – 1;
Нарын облусунда – 6;
Ош облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча 362 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.

2020-06-01 10:05:00

1-июнга карата 69 адам коронавирус жуктуруп алды.

Алар:
Бишкек шаарында - 21 + 18 Орусиядан келген курсанттардан;
Чүй облусу - 6;
Нарын облусу - 14;
Ош шаары - 9;
Ош облусу - 1.

Республика боюнча жалпы 1 817 адам коронавируска чалдыкты.

2020-06-01 10:02:00

Бир сутка ичинде коронавирустан 11 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Айыккандар:
Бишкек шаарында – 5;
Нарын облусунда – 6.

Республика боюнча жалпы 1 181 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shergazy9
2020-06-01 10:11:06
Ош обл. Кайсы райондон экен тактап Бере аласыздарбы.Рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан