АКШ коронавирус инфекциясынын дүйнөгө тийгизген таасирин 9 триллион долларга баалады

АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпеонун айтымында, Кытайдын коронавирус пандемиясына каршы күрөшүнө кошкон салымы 9 триллион доллардан ашык болот. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Вашингтондо өткөн брифинг учурунда айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Пандемияга каршы күрөштө Кытайдын салымы бүткүл дүйнө төлөгөн баага салыштырмалуу анча деле эмес. Бул оору 90 миң америкалыктын өмүрүн алды. Март айынан бери 36 миллиондон ашык жараныбыз жумушсуз калды. Дүйнө жүзү боюнча 300 миң адам өлдү жана биздин эсептөөлөр боюнча бул оору 9 триллион долларга чейин зыян келтириши мүмкүн", - деген Помпео.

Анын айтымында, АКШ дүйнөдө коронавирус менен күрөшүү үчүн, анын ичинде вакцина жана гуманитардык жардамды өнүктүрүүгө 10 миллиард доллар бөлгөн. Ал эми коронавирустун очогу болгон Кытай бул жаатка болгону 2 миллиард доллар бөлгөн.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Кытайды коронавирусту жашырган деп айыптап, компенсация талап кыларын айткан. Өз кезегинде буга Кытайдын тышкы иштер министринин өкүлү Гэн Шуанг жооп берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан