Бүгүн, 1-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму өтүп жаткан. Окуяга айыпталгандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бар. Ал бүгүн отурумга келген. Бирок сот аны сот залынан чыгарып салганын КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Отурумда жактоочулар Алмазбек Атамбаевди тосмонун ичине отургузууга негиз жок экенин айтышып, ал жакта отурушуна каршы болушкан. Судья Марат Сыдыков Атамбаевди сот отурумунан чыгарып салуу чечимин кабыл алды. Муну менен ал Атамбаевди сотто өзүн коргоо укугунан ажыратты", - деп жазды Жолдубаева.
Жактоочу Сергей Слесарёв Атамбаев бүгүнкү каралып жаткан иш боюнча камакка алынбаганын, буга байланыштуу бул сот отурумунда аны тосмонун ичине отургузууга зарылчылык жок деген пикирин билдирген.