Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 1-июнда түштөн кийин болгон.
Күбөнүн айтымында, кырсыктан жабыркагандар бар. Аларды "Тез жардам" унаасы келип алып кеткен.