Дагестанда COVID-19 пандемиясына каршы күрөшкөн дарыгерлерге 1 жарым тонна жашылча берилди

Дагестандын жашоочулары коронавируска каршы күрөшүү үчүн Ботлих кыштагына келген аскер кызматкерлеринин дарыгерлерине 1 жарым тонна жашылча-жемиштерди беришти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн жашоочулары бул жемиштердин топтомун аскер дарыгерлерине COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык иретинде беришкен.

"Биринчиден биздин райондун атынан ыраазычылык билдирем. Баарына чың ден соолук жана ийгилик каалайм. Бул жардам туугандык, ал бир кырдуу эмес", - деген Султанянгиюрт айылынын муниципалдык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Арзулум Шахмалов.

Жашоочулар берген жашылчалардын ичинде помидор, бадыраң жана картошка бар. Мындан тышкары 200 килограмм кулпунай дагы бар.

Учурда талаа госпиталында 75 адам дарыланып жатат. Алардын баары медиктердин көзөмөлүндө. Жардам көрсөтүү үчүн ал жерде бардык керектүү жасалма дем алдыруучу аппараттар, УЗИ жана рентген аппарттары бар.

Буга чейин 28-майда Москвадан атайын учак менен дарыгерлердин тобу коронавирус менен күрөшүүдө көмөк көрсөтүү максатында Дагестанга барган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан