Ухан шаарына пландалган бокс боюнча олимпиадага тандап алуу оюндары Иорданияга жылдырылды

Бокс боюнча "Токио 2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу оюндары Иорданиянын борбору Амман шаарында 3-11-март күндөрү өтөт. Бул тууралуу эл аралык Олимпиада комитетине таянып чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Буга чейин бул Кытайдын азыркы коронавирус оорусунун очогу болгон Ухан шаарында 3-14-февраль күндөрү өтөрү маалымдалган. Вирус дүйнөгө коркунуч жаратып жаткандыгына байланыштуу эл аралык Олимпиада комитети турнирди башка өлкөдө өткөрүүнү карап жаткандыгын билдиришкен.

Маалыматка ылайык, турнирге башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиевдин жетекчилиги астында Кыргыз өлкөсүнөн 7 спортчу катышат. Турнирде 13 салмак категориясында 63 жолдомо ойнотулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан