Дем берет! Мирбек Атабеков, Анжелика, Кайрат Примбердиев баштаган ырчылар медкызматкерлердин күнү менен куттуктап, ыр жазышты

Кыргыз ырчылары бүгүн, 5-июль өлкөнүн медициналык кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, ыр жазышты. Ыр "Адамзат" деп аталып, анда дарыгерлерге өмүрдүн жазы болуп жүрө бергиле деген каалоо айтылган. Чыгармада ак халатчандардан тышкары жарандарга бири-бириңерге сак болгула деген кайрылуу жасалат.

Музыкалык чыгарманы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков жана ырчылар Анжелика, Айганыш Абдиева, Айпери Кубик кызы, Толгонай Арзыкеева, Аяна Касымова, Yella, Сайкал Садыбакасова, Аско, Адик Жумабеков, Урмат Усенов, Максат Садырбеков, Жонни, Бакыт Сейталиев, Замир Мырза, Бек Исраилов, Нурмат Садыров, Азат Раимбердиев жана Нурсултан Азыкбаев аткарган.

Кыргыз ырчыларынан "Адамзат" аттуу жаңы чыгарма
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Elnura96
2020-07-05 19:31:25
азаматтар соз жок
0
KalenAlmaz
2020-07-05 22:17:10
Азыр булбулдун унун уккусу элдин.
-1
Osh2017g
2020-07-06 00:04:31
Чай ичип отурам дегендей эле болуп калыптырго
0
filis
2020-07-06 01:25:18
Азаматсынар сиздерди дайыма Тенир колдосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан