Испанияда март айынан бери биринчи жолу коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта акыркы суткаларда 71 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталганы айтылат.
"Испанияда 2-июнга карата вирустан жабыркагандардын саны 240 миң адамга жеткен. 1-июнда карантиндик чараларды жеңилдетүүнүн акыркы этабы күчүнө кирди. Буга байланыштуу өлкөдө бассейндер, соода борборлору, театрлар, спорттук залдардын ачылышына уруксат берилди. Ошол эле маалда тургундар өз провинцияларынын аймагынан тыш чыга албайт. Жакындары менен жолугушууда да 15 адамга чейин гана чогулууга уруксат берилген. Кафе жана ресторандар кардарларды ички залдарында гана кабыл ала алат. Ал жакта жалпы столдордун санынын 40 пайызы гана ээлениши керек.
Испания коронавирустан көбүрөөк жабыркаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Ал жакта чек аралардын жабылышынан жылда күтүлүүчү 7 миллионго жакын турист келбей калган. Мындан улам өлкөнүн финансылык жоготуусу 7 миллиард еврону түзгөн", - деп жазылат маалыматта.