Депутат Махабат Мавлянова медицина кызматкерлеринин коронавируска чалдыкканын токтотуу боюнча катуу иш-чараларды алып баруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүнкү күнү 99 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын эске салды. "Медицина кызматкерлери вируска чалдыкканы боюнча комиссия түзүлдү. Иш-чаралар алып барылып жатат", - дейт Исмаилова.
Ошону менен катар эле депутат милиция кызматкерлеринин видеого тартканы боюнча канчалык мыйзамдуу экенин сурады. "Милиция кызматкерлери жакшы иш алып барып жатышат. Бирок 2-3 укук коргоо органынын кызматкерлери чыпалактай болгон бир кызды видеого тартып жатышат. Бул канчалык мыйзамдуу?" - деп сурады депутат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселени карап чыгарын айтты.