Гонконгдо акыркы күндөрү медициналык масканын баасы жогорулап кетти. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, суткасына бир адамга эң көп дегенде эки коробкадан ашык маска алууга уруксат берилбейт.
Айрым дарыканаларда медициналык масканын баасы 3 эсеге кымбаттаган. Ал эми кардарлар узун кезекке тизилген. Мындан улам медициналык маскаларды өндүргөн фабрикалардын жумушчулары ишке чыгууга мажбур болушканы маалымдалды. Фабрика, заводдордун жетекчилери кардарлардын суроо-талабын канааттандыруу үчүн кызматкерлерин жумушка чакырып жатышат. Жетекчилер Жаңы жыл майрамында ишке чыккан жумушчуларынын маянасын төрт эсе жогорулатып берерин убадалашты.
24-январга карата алынган маалыматтарга ылайык, жугуштуу вирус менен жапа чеккен адамдардын саны 830га жетсе, каза болгондордун саны 26га жеткен деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, бул жугуштуу вируска каршы көпчүлүк өлкөлөрдө алдын ала сактануу үчүн түрдүү текшерүүлөрдү өткөрүп жатышат. Ал эми Кыргыз өлкөсү дагы бул абалга карата чара көрө башташты. Кытайдан келген, тагыраагы, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы аба каттамынын жүргүнчүлөрүн "Манас" эл аралык аэропортунан медицина кызматкерлери текшерүүгө алып жатат. Пневмония оорусун чакырган коронавирусу күч алгандыктан, санитардык карантин пунктунун адистери күнүгө жүргүнчүлөрдү тепловизор (дене табын өлчөп, инфекциялык ооруга чалдыкканын текшерүүчү шайман) менен текшерип жатат.