Бүгүн, 2-июлда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайыздан 7 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору каралды.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канатбек Керезбеков шайлоо күрөөсү боюнча депутаттардан сунуш түшкөнүн айтты.
Депутат Дастан Бекешев жана Марлен Маматалиев шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү сунушу түшкөн.
Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоо күрөөсүн 10 миллион сомго чейин көтөрүүнү жана шайлоонун жыйынтыгында бул сумманы кайтарып бербөөнү сунуштаган.
Жыйынтыгында Бекешевдин, Сыдыгалиевдин дагы сунушу кабыл алынган жок. Ал эми босого чегин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.