Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Жогорку Сот тарабынан акталды

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Жогорку Сот тарабынан күнөөсүз деп табылып, акталды. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан ырасташты.

Анда сот буга чейинки эки иснтанциянын актоо чечимин күчүндө калтырганы айтылат.

Окуянын чоо-жайы:

Молдомуса Конгантиев 2010-жылдагы Апрель окуясында кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, кийин Орусиянын аймагында кармалып, 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз мамлекетине өткөрүлүп берилген.

2018-жылдын 12-июлунда президент Сооронбай Жээнбеков Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан жана прокуратура президенттин тапшырмасынын негизинде Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштаган.

Ошентип, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши 2018-жылдын 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп УКМК тарабынан кыскартылган.

Анын ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту актоо чечимин чыгарган. 2019-жылдын 16-декабрында шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazarmat92
2020-06-03 14:54:53
Министр кезинде ошончо адам омурун алган кылмыштарды жаап-жашырган адам кантип акталат?
+5
-BOSS-
2020-06-03 15:32:12
Чыныгы генерал деп ушуну айтат, өз алдынча иштеп реформа кылган. Азыркы министрлер мойнуна байлаган иттей кожоюндун буйругун күтүп олтурушат.
+5
001KG
2020-06-04 11:20:53
Эркекче иштеген, эркек генерал. Негизи акталыш керек болчу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан