Швециянын эпидемиологу өлкөнүн башкы катачылыгын айтты

Швециянын башкы эпидемиологу өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүүсүндөгү катачылыгын атады. Анын айтымында, катачылык карантиндин талаптарынын жөнөкөй болушунда.

Чет элдик басылмалар эпидемиолог Андерс Тегнелл коронавирус инфекциясы башталганда эле Швеция кошумча чектөөлөрдү киргизиши керек болчу деп айтканын жазып чыгышты. Дарыгер Швеция өлкөсү коронавирус тууралуу кененирээк маалымат билгенде, киргизилген чектөөлөр башкача болорун белгилеген.

Андерс Тегнелл коронавирус менен күрөшүүдө өзүн изоляцияга алуу анча маанилүү экенин айтып, өлкө бийлиги анын сунушун кабыл алып, ресторандарды, дүкөндөрдү, мектептерди жапкан эмес. Эпидемиолог бул стратегиясы өлүмдүн көп катталышына алып келгенин моюнга алган.

Швецияда 100 миң кишиге коронавирустан каза болгон 43 жаран туура келип, дүйнөдөгү эң бийик көрсөткүчтү көрсөткөн.

Учурда аталган өлкөдө жалпысынан 40 миңден ашуун жаран коронавирус илдетине кабылса, анын 4 миң 542си каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан