Эстонияда 11-марттан баштап катаал карантин чаралары киргизилет

Эстонияда 11-марттан баштап коронавирус инфекциясынын британиялык штампы тарап жаткандыгына байланыштуу катаал карантин чаралары киргизилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, катаал чаралар бир ай убакытка киргизилет.

"Биз өлкөнү мүмкүн болушунча жабалы деп чечтик" деген премьер-министр Кая Каллас.

"Бейшембиден тарта Эстонияда бардык дүкөндөр (аптекадан жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн башкасы) жабылат. Кафе, ресторандар жеткирүү кызматы менен гана иштейт. Спорт залдарда машыгууга тыюу салынат. Ал эми көчө дистанциялык аралык сакталышы зарыл. Мындан сырткары мектептер, университеттер дистанциялык негизде окутулат.

Эстонияда COVID-19га каршы эмдөө иштери 27-декабрда башталган. Өлкөдө Pfizer/BioNtech, Moderna жана AstraZeneca вакциналары колдонулуп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Эстонияда COVID-19дан 76 миңден көп адам кабылса, 667 бейтап каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rachki
2021-03-09 15:39:31
Кудай сактасын. Вакцина натыйжасын берип, жеңилдеп калса экен тезирээк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан