Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 7 кызматкерден коронавирус илдети аныкталды. Алардын арасынан экөө Бишкек шаарында, төртөө Ош шаарында, дагы бири Нарын облусунда экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Сутка ичинде оорудан айыгып медициналык 5 кызматкер үйлөрүнө чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясы медициналык 371 кызматкерден табылган. Анын ичинен 270 медкызматкер ооруну жеңип, ооруканадан чыгып, көбү жумушка кайтканы маалым болгон.