Дагы 5 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Баткен облусунда – 3;
Ош облусунда – 1;
Чүй облусунда – 1.
Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 11 медицина кызматкери чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча 3 миң 624 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды.