Өзгөчө абалда иштеп жаткан кызматкерлерге кошумча эмгек акы төлөнөт деди бүгүнкү маалымат жыйында Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшембиев.
"Азыркы учурда кызматкерлер коомдук тартипти көзөмөлдөгөнгө жетиштүү. Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери жарыяланган режимди сактоого тартылды", - деди ал.
Ошондой эле кырдаалга байланыштуу жазгы аскерге кабыл алуу убактылуу токтотулганын билдирди.