Бишкекте камактагы шектүү жаран качып кетти

Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу шектүү качып кетти. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 3-июнь күнү качкан. Ал уурулук боюнча иши тергелип жаткан.

Кийген кийимдери: кара түстөгү көйнөк, кара шым, жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Бою 165-170 сантиметр, салмагы 65-70 килограмм, чачы тармал, арык дене түзүлүштө.

Кимде-ким шектүү тууралуу маалымат билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 312 352-605, 0 312 444-457, 0 700 425-344, 102.

Шектүү катары кармалып турган адамдын качып кетүүсүнө жол берген кызматкерлерге карата ички иликтөө жүрүп жатканы кошумчаланат малыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
001KG
2020-06-04 13:18:09
Тоовааа, камактагы жаран качып кетти)). Дарыгерлер вирус жуктурду)). Күн сайын чегарада тополоң)). Шалаакы бийлик, ары жок бийлик, саны бар сапаты жок ит урук бийлик))!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан